Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Дүйшембиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды


Бишкек шаарынын мэриясы.
Бишкек шаарынын мэриясы.

Бакытбек Дүйшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп расмий дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-июлда кол койду. Ага ылайык, Дүйшембиев бул милдетти жаңы мэр шайланганга чейин аткарат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген.

Быйыл 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министр аны кызматтан алган.

Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген шек менен 19-июлда кармалган. Ошол эле күнү Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, аны тергөө аяктаганча, 29-августка чейин камакка алган.

23-июлда УКМК жер тилкелерин сатуудагы коррупция боюнча Ибраимовго карата дагы бир айып такты.

Бакытбек Дүйшембиев Албек Ибраимовго ишеним көрсөтүлбөгөндөн бери мэрдин милдетин аткарып келген. (NT)

XS
SM
MD
LG