Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Казакстан: Денис Тенди өлтүрүүгө шектүү экинчи киши кармалды


Денис Тен.
Денис Тен.

Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектүү экинчи адам кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Кабарга караганда, кармалган жаран Кызыл-Ордо облусунун Арман Кудайбергенов аттуу 23 жаштагы тургуну. Ал Алматынын Аксай кичи районунда өткөрүлгөн рейд маалында колго түшүрүлгөн.

Буга чейин көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмү боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталганы кабарланган.

20-июлда Тенди бычактагандардын бири, 1994-жылы туулган Нуралы Киясов кармалганын Алматы шаардык прокуратурасы билдирген.

Денис Тен — Сочидеги кышкы Олимпиада оюндарында коло, дүйнө чемпиондугунда эки медаль алган. Аны 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки киши кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

XS
SM
MD
LG