Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Ак үй Трамптын Орусияга карата саясатын сындагандарга каршы чара көрөт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Ак үй мурунку администрациянын тушунда иштеген 6 жогорку даражалуу аткаминерди купуя маалыматтар менен таанышуу укугунан ажыратышы мүмкүн.

Президент Дональд Трамп тиешелүү механизмдерин караштырып жатканын Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс дүйшөмбү күнү билдирди.

АКШда атайын кызматтын өкүлдөрүнө текшерүүдөн өткөндөн кийин мамлекеттик сыр болгон жана жашыруун документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилет. Адатта көбү кызматтан кеткенден кийин кеңешчи катары ишин уланта бергендиктен, мындай уруксатты сактап калышат.

Трамп андай укуктан ажыратууну көздөгөн алты адамдын арасында мурдагы президент Барак Обаманын тушунда Борбордук чалгын агенттигинин – ЦРУнун башчылыгына келип, былтыр кызматтан кеткен Жон Бреннан бар. Ал президент Трамп менен орус мамлекет башчысы Владимир Путиндин Хелсинкидеги саммитин сындап, Трампты "Путиндин чөнтөгүндө" калды деп айткан.

"Кара тизмеге" кабылышы мүмкүн болгондордун арасында былтыр президент Трамп кызматтан алган Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) директору Жеймс Коми бар. Ал Трампты "президент болууга моралдык жактан туура келбейт" деп айткан болчу.

Администрациянын бул аракетин коопсуздук тармагында мурда иштеген айрым кызматкерлер, Конгресстеги демократтар сындап жатышат. Бирок Ак үй "ал адамдар президент Трампты сындаганы үчүн бутага кабылды" деген дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG