Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Орусиянын атайын кызматы хакас тилин жайылткан активистке иш козгоду


Лидия Баинова.
Лидия Баинова.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы хакас маданиятын жана тилин жайылткан активистке кылмыш ишин козгоду.

Абакан шаарынын 30 жаштагы тургуну Лидия Баинова “Мындай учурда революция, төңкөрүш жасагың келет! Бийликти, жерди элибизге кайтаргың келет!” деп соцтармакка жазган. Тергөөчүлөр ал “орус улутуна каршы" аракеттерге чакырган деп эсептешет. Баинова экстремизм үчүн айыпталууда.

tayga.info. деген сайт "тергөөчүлөр Хакасиянын түпкүлүктүү элин басмырлоо учурларына арналган толук текстти келтиришкен жок" деп жазат.

Активист постунда Хакасиянын борбор шаары Абакандагы жайлардын биринде балдар ойногон бөлмөдө “орустар гана кире алат” деген жазуу бар экенин, “хакас болсо да, жакшы кийинип алыптыр”, "хакас экен, бирок борбордо 3 бөлмөлүү батир беришиптир” өңдүү сөздөрдү такай укканын жазган.

Баинова күнөөсү жоктугун айтып, хакас маданиятын жайылткандыгы үчүн куугунтуктоого алынган деп санайт. Түрк тилдүү элдердин тобуна кирген хакастар жумуриятта жашаган 540 миңдей калктын 12 пайызын түзүшөт.

XS
SM
MD
LG