Москва облусундагы Серпухов шаарында кордолуп, өлтүрүлгөн тажикстандык беш жашар кыздын сөөгү 25-июлда мекенине жиберилет.
Наристенин атасы Абдусалом Саидов кызынын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөнүн билдирди. Полиция окуя боюнча кылмыш иши козгоду.
Беш жашар Хувайдо Тиллозода 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жатып дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү темир жолдун жээгиндеги спорттук баштыктан табылган.
Соттук-медициналык экспертизада кыз зордукталып, андан кийин бычак менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Орусиянын Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү жашоочу, кыздын үй-бүлөсүнө коңшу турган Александр Семин кармалганын, анын үйүндө наристенин бут кийиминин жана манжаларынын издери табылганын кабарлады.
Окуяга байланыштуу Тажикстан Орусияга нааразылык нотасын жөнөтүп, Хувайдонун өлүмүн кылдат иликтөөнү жана кылмышкерди катуу жазалоону талап кылды.