Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:41

УКМК: Сирияда жанкечтиликке үйрөнүп келген кыргыз жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышып, жанкечтиликке үйрөтүүчү атайын даярдыктан өтүп келген кыргыз жараны кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 25-июлда кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 21 жаштагы адам эл аралык террордук топтун башчыларынын буйругу менен Кыргызстанга кайтып келип, өлкө аймагында террордук чабуулдарга камынып жаткан.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде иш козголуп, өзү атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды.

Сирияда согушуп, Кыргызстанга кайтып келгендердин дагы бири кармалганы 24-июлда да кабарланган.

XS
SM
MD
LG