Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:40

Сириянын түштүгүндө ондогон кишилер мерт болгону кабарланууда


Свейда шаарында жанкечти өзүн жардыргандан кийинки көрүнүш. 25-июль, 2018-жыл.
Свейда шаарында жанкечти өзүн жардыргандан кийинки көрүнүш. 25-июль, 2018-жыл.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Свейда шаарынын айланасында кол салуулар менен жардыруулардан кеминде 32 кишинин өмүрү кыйылып, дагы 30 чактысы жаракат алган.

Ал эми мамлекеттик SANA агенттиги кабарлагандай, кол салуулардын биринде жанкечтилердин бири өзүн эл котологон базарда жардырган. Дагы кеминде эки жанкечти жардыруучу түзмөктөрүн иштеткенге чейин коопсуздук күчтөрү аларды атып өлтүрүүгө жетишкен.

Сириянын мамлекеттик телеканалы “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери ошол эле Cвейда шаарынын түндүк-чыгышынан үч кыштакка кол салышканын кабарлады.

Президент Башар Асадга караштуу күчтөр кийинки күндөрү өлкөнүн түштүгүнөн буга чейин козголоңчулар көзөмөлдөп келген айрым аймактарды ээлешкен. Учурда ал чөлкөмдөрдү “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен тазалоо аракети жүрүп жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG