26-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын тоолуу райондордо гана болот. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,
Таласта түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27,
Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36,
Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 21...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус.