Баткенде жол куруучу ишкананын жумушчулары бүгүн иш таштады. 40тай адам бир нече айдан бери маянасын ала албай жаткандыктан ушундай кадамга барганын “Азаттыкка” айдоочу Алыбек Пазылов билдирди:
- Төрт айлык маянаны бербей жатышат. Алдап жатып ушул күнгө алып келишти. Жумуш токтоп турат. Бая күнү министр "25-июлда берилет" деп айтып кеткен.
Транспорт жана жол министрлиги маселе жакынкы күндөрү чечилерин, куруучу компаниянын эсебине акча которуларын билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108 чакырымын (Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейинки бөлүгүн) реконструкциялоо долбоорун Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 21 млн доллар бөлүүгө убада берген.
2017-жылдын 11-майында Транспорт жана жол министрлиги менен «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясынын ортосунда курулуш иштерин аткарууга 18 млн долларлык келишимге кол коюлган.