Түркиянын парламенти 25-июлда жактырган катаал коопсуздук мыйзамы бийликке контртеррористтик делген иш-чараларды жүргүзүүдө кошумча ыйгарым укуктарды берет.
Мунун алдында өткөн аптада, 19-июлда Түркияда 2016-жылдын июль айындагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөчө абал тартиби жоюлган.
Эми президент Режеп Тайып Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” (АК партиясы) партиясы даярдаган, 27-беренеден турган жаңы мыйзам сотторду, армиянын адамдарын, министрликтердин кызматкерлерин иштен алуунун жол-жобосун аныктайт. Ага ылайык, провинция губернаторлорунда элдин жыйналуу укугун чектей алган кошумча ыйгарым укуктар болот.
Түркиянын парламенттик оппозициясы жаңы мыйзамды “өзгөчө абалды туруктуу” кылган документ катары сынга алды.
Президент Эрдогандын АК партиясы жана аларга өнөктөш, ашынган улутчул Улуттук кыймыл партиясы өткөн айдагы шайлоонун натыйжасында парламентте көпчүлүктү түзүүгө жетишкен. (UE)