БШКдагы иш-чара коомдук кеңешме форматында өтөт. Анда шайлоолор менен референдумдарды, саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугу талкууланат.
Иш-чараны “Ачык өкмөт өнөктөштүгү" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурууда.
Кыргызстан бул уюмга былтыр ноябрь айында кирген. Анын алкагында «Ачык маалыматтар» саясаты иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу, инвестиция тартууга шарт түзүү боюнча убадалар берилген. (NT)