Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

Ысык-Көл: Пансионаттагы өрттө жабыркагандардын абалы дурус


Кожояр айылындагы өрт чыккан пансионат. 25-июль, 2018-жыл.

Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы пансионатта 25-июлда чыккан өрттөн жабыркаган үч кишинин абалы дурус.

Кожояр айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Табылдиев "Азаттыкка" билдиргендей, өрттөн үч киши жабыркаган. Турак-жай өрттөнүп атканда ичинен жардам сурап чакыргандарга жергиликтүү балдар кирген. Ошондо газ жарылып, үч адам күйүк алып, Ананьево айылындагы ооруканага жеткирилген.

Өрт алгач пансионаттагы имараттардын биринен чыгып, калгандарына жайылган. Жалпысынан он коттеж өрттөнгөнү тууралуу маалымат бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоодон жабырган үч киши экинчи даражада күйүк алганын билдирди.

Өрт тууралуу маалымат кечки саат 18.24тө түшкөн. Аны өчүрүүгө үч топ тартылып, саат 20:51де чектөөгө алынган. Кырсык "Лагуна сити" эс алуу жайында болгон. Өрттүн эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG