Тажикстандын Мыйзамсыз баңгизат сатууга каршы күрөшүү агенттигинин Куляб аймактык өкүлчүлүгү 25-июлда тажик-ооган чек арасынан Ооганстандын аймагына өтүүгө аракеттенген дүйшөмбүлүк төрт өспүрүм кармалганын билдирди.
Маалыматка караганда, 17-18 жаштагы балдар өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко кириш үчүн Ооганстанга өтүүгө аракеттенгенин моюнга алган. Алар Пянж дарыясы аркылуу ооган тарапка өтүүгө ылайыктуу жер издеп буга чейин да бир нече жолу чек арага келип кеткени айтылды. Кармалган балдардын баары тең Дүйшөмбүдөгү мектептердин биринде чогуу окуган.
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырымды түзөт.
Быйыл 12-майда президент Эмомали Рахмон "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Сирия менен Иракта жеңилгенден кийин ондогон тажикстандык жоочулар Ооганстанга барып, террордук уюмдарга кошулуп кеткенин маалымдаган.