Жалал-Абадда шакек жутуп алып, оор абалга кептелген наристе ооруканадан аман-эсен үйүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Ош облустук ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдухаликов билдирди:
- Келгенде абалы оор эле. Себеби шакек чоң экен. Дем алуу органдарынын иши буулуп калган. Шакекти алгандан кийин абалы оңолду. Азыр кенен дем алып, жутуп жатат. Бүгүн үйүнө чыгардык.
Дарыгердин айтымында, сегиз жаштагы кызды Жалал-Абад облусунан алып келишкен. Ал ойноп жүрүп оозуна салып алган шакек кекиртегине тыгылып калган. Операция жалпы наркоз менен жасалды. (MdN)