Москвада жыныстык органына пластикалык операция жасатканы барып каза тапкан кыргызстандык келиндин окуясы Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен кошо иликтенүүдө.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 26-июлда маалымдаганына караганда, окуя 23-июлда болгон. Операция Кыргызстандан барган, кийин, 2010-жылы орус жарандыгын алган адам иштетип жаткан “АсклепийМед” клиникасында жасалган.
Алгачкы маалыматка караганда, 40 жаштагы келиндин өлүмүнө ага операция учурунда лидокаин сайылганы себеп болгон. Ийне сайган келин да 40 жашта экени, ал Кыргызстандан барып иштеп жатканы аныкталды.
“АсклепийМед” Москвада 2017-жылдын 5-декабрында каттоого алынган, бирок "Росздравнадзор" мекемесинин жана Москванын саламаттык сактоо департаментинин уруксатын албай иштеп жүргөнү маалым болду.
Бул клиникада жыл башынан бери Борбор Азиядан барган 95 келин аборт жасаткан. (RK)