Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

27-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында тоолуу райондордо гана жаан жаап, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,

Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,

Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36,

Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...16, күндүз 22...29,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 11...16 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градуска жетет.

XS
SM
MD
LG