Кытайдын полициясы Бээжиндеги АКШ элчилигинин жанында бир эркек киши колго жасалган чакан бомбаны жардырып жибергенин ырастады. Шектүү 26 жашта экени кабарланды. Азырынча анын бул кадамга эмне үчүн барганы так айтыла элек.
Ага чейин Бээжиндеги бир катар күбөлөр Америка элчилигинин жанында жардыруунун добушун угушканын билдиришкен болчу.
Элчиликтин басма сөз катчысы жардыруу 26-июлда жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 1де болгонун айтты. "Бомба жардырган кишиден башка эч ким жабыркаган жок", - деди ал.
Социалдык тармактарга жарыяланган видеодон полиция аймакты курчап турганын, дипломатиялык өкүлчүлүктүн жанында түтүн асманга көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.