Жогорку сот “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камалган Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановго карата жаза чарасынын айрымдарын жокко чыгарып, айрым жерлерин күчүндө калтырды.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 25-июлда Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуу боюнча соттук коллегиясы Султановдун адвокаты Бакыт Осмоналиевдин көзөмөл даттануусун карап чыкты. Натыйжада ал Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотунун "Султанов кылмышты жашырган” деген айыбы далилсиз болгондуктан аны актап, айыптоонун калган бөлүгүн күчүндө калтырды.
Султановдун тарапкерлеринин айтымында, ага карата коюлган айыптар бүт алынып салынды, болгону “аймак аралык кастыкты козуткан” деген кинеси ошо бойдон калды. Ал эми жаза мөөнөтү жалпысынан 10 жылдан 5 жылга кыскартылды.
"Элдик парламент" кыймылынын "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген" деген доо менен кесилген сегиз өкүлүнүн төртөөнө карата райондук сот чыгарган өкүм шаардык сотто 2017-жылдын 13-ноябрда күчүндө калтырылган.
Тактап айтканда, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков менен активист Төрөбай Колубаев 14 жылдан, Марат Султанов 10 жыл жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Бул саясатчылар 2016-жылы май айынан бери тергөө абагында кармалып келишет. Ал эми мурдагы депутат Тойгонбек Калматов жана полковник Александр Гусев алты жылга шарттуу кесилип, үй камагында калган. (RK)