Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

АКШ менен Евробиримдик жаңы соода эрежелерин макулдашты


АКШнын лидери Дональд Трамп менен Евробиримдиктин президенти Жан-Клод Юнкер. 25-июль, 2018-жыл.
АКШнын лидери Дональд Трамп менен Евробиримдиктин президенти Жан-Клод Юнкер. 25-июль, 2018-жыл.

АКШ менен Евробиримдиктин лидерлери соода маселесинен жаралган чыңалууну басаңдатып, соода согушунун алдын алууну көздөгөн планга макул болушту. Бул маалымат АКШнын президенти Дональд Трамп менен Евробиримдиктин президенти Жан-Клод Юнкердин 25-июлда Ак үйдө өткөн жолугушуусунан кийин белгилүү болду.

Германиянын экономика министри Петер Альтмайер бул макулдашууну "чоң жылыш" деп мүнөздөп, ал аркылуу соода согушунун алдын алып, миллиондогон жумуш орундарын сактап калса болоорун "Твиттерге" жазды.

Макулдашууга ылайык, АКШ европалык автоунаа чыгаруучу компанияларга кошумча салык салбайт. Эки тарап Американын Европадан импорттолгон болот менен алюминийге киргизген кошумча бажы төлөмдөрү боюнча маселени чечүү аракетин улантмай болушту. Мындан тышкары Евробиримдик АКШдан газ менен сояны мурдагыдан көбүрөөк сатып алганы жатат.

АКШ быйыл 1-июндан тартып Европанын алюминийине 10%, болотуна 25% тариф киргизген. Буга жооп кылып Европа Кеңеши АКШнын акчалай баасы 2,8 млрд. доллар турган бир жылдык товарына карата кошумча бажы салыгын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG