Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аймак (улут) аралык кастыкты козутуучу материалдарды Интернеттеги WhatsApp жана башка социалдык түйүндөр аркылуу таратып жаткандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Атайын кызмат мындай кабар тараткандар кылмыш жообуна тартыларын эскертүүдө.
Ошону менен катар УКМК адамдарды ар кандай чагымдарга алдырбоого чакырды. (RK)