Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:37

Сокулукта Кытай жаранын айыптагандар акция уюштурууда


Kaktus.media тарткан сүрөт.
Kaktus.media тарткан сүрөт.

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында ондогон адамдар карапа такта чыгаруучу заводго карата каршылык акциясына чыгышты.

Алар ишкананын жетекчиси болгон Кытай жаранын "кол астында иштеген кыргызстандыктарды сабады" деп айыптап жатышат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй милициясы кабарлады.

Окуя болгон жерде ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактап иштеп жатышат. Иштин чоо-жайы такталууда.

XS
SM
MD
LG