Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын мэриясы коомдук жайларда аялдарды эркектердин жосунсуз мамилесинен коргоону убада кылды. Бул тууралуу шаар башчысынын орун басары Мухаммадсаид Зубайдзода билдирди.
Анын айтымында, мэрияга коомдук жайларда эркектердин орой, жосунсуз мамилесине кабылган 50дөй аялдан арыз түшкөн. Мэрия эми шаар тургундарынын маданиятын өнүктүрүү максатында активисттерден турган атайын топ түздү. Ошондой эле эркектердин жүрүм-турумун Дүйшөмбүдө орнотулган 200дөй видеокамера аркылуу да көзөмөлдөп, тийиштүү чара көрүлөрү айтылды.
Өткөн аптада биринчи жолу тажик аялдары коомдук жайлардагы эркектердин жосунсуз мамилелерине нааразылыгын ачык билдирип чыгышкан.