Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Тажикстан: тийишүүдөн тажаган кыздар


Шахло Ибрахимова.
Шахло Ибрахимова.

Дүйшөмбү шаарынын аялдары коомдук жайларда эркектердин копол мамилесинен жана ар кандай шылдыңдоосунан коргоону суранып шаар бийлигине кайрылды. Мэрия ушул тапта 50дөн ашык аял "эркектер кемсинтип, ар-намысымды тепседи" деп кайрылганын айтат. Тажикстандын баш калаасынын көчөлөрүндө жүрүү кыз-келиндер үчүн опурталдуубу?

"Кечки саат 8дер чамасы болчу. Мен дүкөндөн чыгып бара жаткам. Чогулуп турган жигиттердин жанынан өтүп баратканымда, бирөө мени карай басып келип, кучактоого аракет кылды. Күйөөсү бар аял катары мен абдан оңтойсуз абалда калдым. Анан тарбия көрбөгөн ал баланы катуу уруша баштадым. Айланабызга дароо эл чогулуп калды, арасында милиция кызматкерлери да бар болчу. Бирок алардын бири да мага болушкусу келген жок".

Бул окуяны коомдук жайларда жүргөндө эркектердин жосунсуз жоруктарынан коргоону суранып мэрияга арыз жазган аялдардын бири Шахло Ибрахимова айтып берди. Ошол эле учурда ал милициянын жанында турган кишилерден да катуу кагуу жегенин кошумчалайт:

- Биз мындай окуяларга күн сайын кабылып турабыз жана эркектерден мааниси ар нерсени туюнткан “комплименттерди” угабыз. Эгер билсеңиздер, жаштардын жана улуу эркектердин ыплас мамилеси, уятсыздыгы бизди тажатты. Бир жолу милиционердин жанында турган кишинин орой мамилесине катуу капа болгом. Ал "кечинде паркта эмне кылып жүрөсүң, дени-кардың соосунда кетип кал" деген.

Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүнүн көчөлөрүнүн бири. Февраль, 2018-жыл.
Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүнүн көчөлөрүнүн бири. Февраль, 2018-жыл.

Шахлонун баамында, алтургай кош бойлуу же күйөөсү менен чогуу жүргөн аялдар да эркектердин орой мамилесинен сактана албайт. Ал жолдошу менен көчөдө чогуу баратып, ушундай окуяга туш болгон.

- Бир жолу жаш жигит жолдошум менен баратканыма карабай, мага колун тийгизип койду. Бул күйөөмө жага берген жок. Ал бала менен дароо кармаша кетти. Акырында милиция келип ал баланы эмес, жолдошумду кармап кеткен.

Тажикстанда эркектердин көчөдө кыз-келиндерге мындай орой жана адепсиз мамилелери мурун да болуп келген. Бирок тажик аялдары Дүйшөмбү шаарынын мэрине эркектерден коргоону суранып, алгачкы жолу кайрылып жатышат. "Коргоо" юридикалык кеңеш берүү уюмунун жетекчиси Навруз Одинаев бул маселени чечиш оңой эмес экенин айтат.

Навруз Одинаев.
Навруз Одинаев.

- Биринчиден, эркектерди мындай кылыгы үчүн мыйзам чегинде жазалоого мүмкүн эмес. Мыйзам жоопкерчилигине ылайык бейбаштык, шылдыңдоо, куугунтук жана майда бейбаштык болгон учурда гана аларды жоопкерчиликке тартса болот. Анткени мыйзамда аялдарга орой мамиле жана ар кандай жагымсыз комплименттерди айткан жагдайлар каралган эмес,- деди Навруз Одинаев.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги кийинки убакта "көчөдө шылдыңдоого же куугунтукка кабылдым" деп кыз-келиндерден арыз келип түшпөгөнүн билдирди.

Бирок тажик жаштары кыз-келиндердин жогорудагы дооматтарына толугу менен кошулбайт. Айрым жигиттер "кыздарды жакшы көрүү сезими менен тамаша иретинде кылган эркектердин жоругун орой мамиле катары кабыл албаш керек" дешет. Алардын бири - 21 жаштагы Салахиддин Убайдуллаев.

- Мисалы, мен аялдардын айткандарына кошулбайм. Биз кыздарды жакшы көрүп, аларга ар кандай комплименттерди айткыбыз келет да. “Сиз аябай сулуу экенсиз, апаңызга мендей күйөө бала керек эмеспи?”, “сиздей сулуу кызды көрүп арманда калганча, апам мени аборт кылып бул дүйнөгө жаратпай эле койбоптур” деген сөздөрдү айтабыз. Айрым кыздар өздөрү эркектерден ушундай мамилени күтүшөт. Аялдар мындайды орой катары кабылдабаш керек. Бул мамиле үчүн эркектерди жазалоонүн өзү туура эмес болуп калат, - деди ал.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыркы жылдын күз айларында ондон ашык тажик кыздары жигиттердин шылдыңына жана куугунтугуна кабылып жатканын айтып, Ички иштер министрлигине кайрылышкан. Анткени белгисиз бирөөлөр алардын "Инстаграм", "Фейсбук", "Одноклассники" социалдык түйүндөрүндөгү сүрөттөрүн алып, Интернетке «Тажикстандын сойкулары» деп жарыялап жиберишкен. Андан соң алар кемсинткен пикирлерди жазышып, сүрөттөрдү Интернеттен өчүрүш үчүн кыздардан акча доолашкан. Айрым жабырлануучу кыздар «Инстаграмдын» администраторуна кайрылган соң гана "Тажикстандын сойкулары" деп аталган баракча өчүрүлгөн. Бирок көп өтпөй башкача ат менен дагы башка баракча ачылган. Сүрөттөрү жарыяланып, опузалоого кабылган кыздар анын артында тажик жаштары турганын билдиришкен.

"Инстаграм" түйүнүндөгү "Тажик сойкулары" деген аталган порнографиялык мазмундагы баракчага 8 миңден ашык колдонуучу катталган жана ага 100гө жакын сүрөт, видео жүктөлгөн. Сайтка киргендердин көбү жашы жете элек өспүрүмдөр. Келин-кыздардын сүрөтүн Интернетке жарыялап, аларды мазактаган жаштар кандайча жоопкерчиликке тартылары азырынча беймаалым.

Тажик аялдары эркектердин орой мамилесине нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:39 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG