Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Тажикстан: сойкуларга барган эркектер жазаланат


Тажикстандын Башкы прокуратурасы интим кызматын көрсөткөн кыз-келиндерге барган эркектерди жазалоону сунуш кылды. Административдик кодекске сунушталып жаткан бул өзгөртүү парламентте 2018-жылдын башында каралат.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын башкармалык башчысы Фаррух Рауфов жаңы мыйзамда “түнкү көпөлөктөргө” караганда аларга барган эркектердин “жазасы катуураак” болорун эскертүүдө:

- Эгер талап болсо, анда сунуш да болот эмеспи. Шапар тепкен эркектер канчалык аз болсо, ага ылайык, өз денесин саткан аялдар да аз болот. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору парламентке кийинки жылдын башында киргизилет. Анын максаты - сойкулукту азайтуу жана коомду адеп-ахлак жактан тарбиялоо. Мыйзамда “акча төлөп сүйүүнүн” ышкыбоздоруна айыппул салуу жана административдик камоо каралат.

Социолог Марьям Давлатованын айтымында, ал мындай демилгени он жылдай мурда көтөрүп, атайын макала да жазган. Давлатова аялдардын сойкулукка барганына эркектерди айыптуу деп санайт:

- Биз бул абалды дайыма бир жактуу гана баалап келебиз. Аялдарды айыптап, ошол эле кезде талап болбосо, сунуш да болмок эмес экенин эске албайбыз. “Акча берип сүйүү” базары өнүгүп жатканынын бир канча себеби бар, бирок бул жерде кандай гана жагынан албайлы, ага эркектер күнөөлүү. Анткени аялдарды бул ишке барууга аргасыз кылгандар да эркектер, алардын кызматынан пайдалангандар да эркектер.

Марьям Давлатова.
Марьям Давлатова.

Жаңы сунуш боюнча тажикстандык эркектер эки жаатка бөлүндү. Айрымдары Башкы прокуратуранын демилгесин колдосо, башкалары муну бийлик жана “айрым аялдар” өз кызыкчылыгына пайдаланат деп санашат.

Эгер талап болсо, анда сунуш да болот эмеспи. Шапар тепкен эркектер канчалык аз болсо, ага ылайык, өз денесин саткан аялдар да аз болот.

Атын атагысы келбеген тажик эркектеринин бири “албетте, эркектерге тыюу салуу коомдун кызыкчылыгындагы иш. Бирок интим кызматын көрсөтүү базарына көп жылдардан бери талап күчтүү. Жаңы өзгөртүүлөр ал талаптын азайышына таасир эте алары күмөн” деп белгиледи.

Акыркы жылдары Тажикстандын бийлиги коммерциялык секске тартылган аялдар көбөйгөнүнө бушайман. ИИМдин маалыматы боюнча былтыр интим кызматын көрсөткөн эки миңдей аял бар экени аныкталган.

Бирок 2015-жылдын май айында Глобалдык фонд Тажикстанда 14 миң сойку иштей тургандыгын демографиялык жана медициналык изилдөөлөрдөн кийин аныктаган. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты тастыктаган эмес.

2015-жылы тажик парламенти мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, сойкулук менен алектенген кыз-келиндерге айыппул салууну колдогон. Бирок өлкөнүн мыйзамдары боюнча сойкулук кылмыш деп саналбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG