Аламүдүн районунда жайгашкан Кой-Таш айылындагы “Аль-Фарух” медресеси ошол жерде окуган балдарга бал челекчилик кесибин окута баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” “АВЕП” коомдук фонду кабарлады.
Фонддун маалыматына караганда, жаштарга кесип үйрөткөн курстар “Медресе жаштарына кесип үйрөтүү” аттуу долбоордун алкагында уюштурулду. Каржылык колдоосун АКШнын Кыргызстандагы элчилиги грант бөлүп берип көрсөттү.
Жакында курсту окуп бүткөн 15 бала экзамен тапшырып, колуна сертификат алды. Учурда алар медресенин аймагында жайгашкан бал челектерге кам көрүп, экологиялык жактан таза бал өндүрүүнү көздөп жатышат.
Өндүргөн балды алар өз керектөөсүнө жумшашат. Ал эми бал челектер жаштарга практикалык жактан кесип үйрөткөн жабдуу катары кызмат кылат.
Кой-Таш айылындагы медреседеги курстар сентябрь айынан тартып кайрадан уланат.