Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Ысык-Көлдө карагаттын жаңы сортуна суроо-талап күчөдү


Фермерлердин суроо-талабын күчөткөн карагат.
Фермерлердин суроо-талабын күчөткөн карагат.

Ысык-Көл облусунда беш жыл мурда “Карагат плюс” долбоорунун алкагында Польшадан ташылып келген карагат менен алманын көчөттөрүнө эл арасында муктаждык көп. Бул тууралуу “Азаттыкка” “АВЕП” коомдук фонду кабарлады.

“Барскоон” мөмө-жемиш кооперативинин жетекчиси Рая Төлөгөнова “Артыкчылыгы - барсайып, түшүмү биздикинен чоң. Бышканда да капкара болуп текши бышат экен. Ары-бери ташый келгенде Бишкек, Казакстанга чейин алып барса да 3-4 күнгө чейин эч нерсе болбой чыдап берет” дейт.

2013-жылы Польшадан карагаттын төрт түрү ташылып келип, Ысык-Көлдөгү бир нече чарбага таркатылып берилген. Сорт жаңыртуу жумуштарын ошол учурдагы “Карагат плюс” долбоорун колдогон “Кумтөр” ишканасы каржылап, “АВЕП” коомдук фонду ишке ашырган.

Быйылкы “Карагат Фест” фестивалы 4-августта Ысык-Көл районунун Темировка айылында өтөт.

XS
SM
MD
LG