Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 03:49

Ошто киши өлтүрүү боюнча шектүү Өзбекстандын жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто киши өлтүрүүгө байланыштуу шектүү катары Өзбекстандын 23 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков "Азаттыкка" билдирди.

Шектүү адамды милиционерлер Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш аймагындагы чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан өтүп бараткан жеринен кармашкан.

26-июлда Оштогу «Ак-Тилек» мейманканасынын бѳлмѳлѳрүнүн биринен болжол менен 30-35 жаштагы аялдын киши колдуу болгон сөөгү табылган. (MdN)

XS
SM
MD
LG