Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Путин Трампты Москвага чакырганын айтты


Путин Йоханнесбургдагы басма сөз жыйында. 27-июль, 2018-жыл.
Путин Йоханнесбургдагы басма сөз жыйында. 27-июль, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын лидери Дональд Трампты Москвага чакырганы тууралуу жума күнү Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында БРИКС уюмунун саммитиндеги басма сөз жыйында билдирди:

- Жолугушуу боюнча президент Трамптын айткандарын жакшы түшүнүп турам. Анда жолугушуу өткөрүүгө каалоо бар, ага мен да даярмын. Биз президент Трампты Москвага чакырууга даярбыз. Анда мындай чакыруу бар. Мен Вашингтонго барууга да даярмын, - деди Путин.

Бирок ал эки президенттин жолугушуусу үчүн “туура шарт” болушу керектигин кошумчалады.

Орусия - АКШ президенттеринин алгачкы эки тараптуу сүйлөшүүлөрү 16-июлда Хелсинкиде өтүп, аны эки лидер тең “ийгиликтүү” деп баалашкан.

Хелсинкидеги кездешүүнүн соңунда Трамп Путинди быйыл күздө экинчи саммитке АКШга чакырганы белгилүү болгон. Бирок ушул апта башында Ак үй Трамп Путинди чакырууну 2019-жылга калтырганын жарыялаган.

Мунун жүйөсү катары президент Орусиянын АКШда 2016-жылы болгон президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү аякташын күтөрү айтылган.

16-июлдагы басма сөз жыйынында Путин менен катарлаш туруп жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн Трампты өз мекенинде оппоненттери, өнөктөштөрү, медиа каражаттары кескин сындап чыгышкан болчу. Эртеси ал айрым сөздөрүнө тактоо киргизип, АКШда 2016-жылы өткөн шайлоого Орусиянын кийлигишкени боюнча АКШнын чалгын жамаатынын бүтүмүнө макул экенин, бирок анын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун кайрадан белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG