Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:01

ЕАЭБ товардын жүрүшүн көзөмөлдөө боюнча долбоорду ишке киргизет


ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери. Санкт-Петербург, 27-июль, 2018-жыл.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери. Санкт-Петербург, 27-июль, 2018-жыл.

Евразия Экономикалык Биримдигинин өлкөлөрү товардын чек арадагы кыймылын көзөмөлдөө боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү макулдашты.

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян 27-июлда Санкт-Петербургдагы жыйындын соңундагы басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин кеңешмесинде "товарлардын , анын ичинде үчүнчү мамлекеттердин товарынын чек арадан өткөндөн кийинки жүрүшүн көзөмөлдөө маселеси да талкууланып, бул үчүн пилоттук долбоорду ишке киргизүү принципиалдуу түрдө макулдашылды”.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Санкт-Петербургдагы жыйында билдиргенине караганда, 2018-жылдын биринчи чейрегинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички товар жүгүртүүсү 16,4%, тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 24% арбыды.

Ал эми Кыргызстанда быйылкы жылдын төрт айынын жыйынтыгында ЕАЭБден импорт көбөйүп, экспорт азайган.

Январь-апрель айларында, расмий эсепке караганда, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2 миллиард 149 миллион долларды түздү.

Мунун 700 миллион доллары Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келген.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-сатыктын жалпы көлөмү 0,6% арбыды. Бирок мунун ичинен импорт 2,6% (514 миллион доллар) көбөйсө, экспорт тескерисинче 4,6% (184 миллион доллар) азайган.

Кыргызстандын ЕАЭБдеги башкы соода өнөгү - мурдагыдай эле Орусия. Быйыл төрт айда Орусияга 102 миллион долларга товар экспорттолсо, 351 миллион долларлык товар импорттолгон.

Ал эми Казакстанга 80 миллион долларга товар экспорттолуп, 154,3 миллион долларга импорттолгон. Беларуска кеткен экспорт 2,7 миллион долларды, импорт 9 миллион долларды түзгөн. Арменияда 200 миң долларга товар импорттолгон.

ЕАЭБге Кыргызстан расмий 2015-жылдын 12-августунда кошулган. (UE)

XS
SM
MD
LG