Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Кичи памирликтер Ажы Бутто Абдылганини хан шайлашты


Оогандык кыргыз айым. 2017.
Оогандык кыргыз айым. 2017.

2018-жылы 25-июлда Кичи Памирдеги кыргыздар жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге 44 жаштагы Ажы Бутто Абдылганини башчы кылып шайлаганын “Азаттыкка” жергиликтүү тургун Абдулвахит Жээнбек билдирди.

Бир нече апта мурда 400дөй түтүндү башкарган Эраалы хан каза тапкан эле. Башчыны шайлоого Ооганстандын жергиликтүү расмий бийлиги да катышты.

Ажы Бутто Абдылганинин жардамчысы болуп Молдо Абдулхак дайындалганы кабарланды.

XX кылымдын экинчи жарымындагы ооган кыргыздарынын ханы Рахманкул Советтер Биримдиги Ооганстанга кол салгандан кийин өз калкынын бир бөлүгүн Пакистанга Гилгит өрөөнүнө көчүрүп, андан соң алардын көпчүлүгү БУУнун көмөгү менен Түркиянын Ван көлүнүн аймагына Рахманкул хан менен кошо журт которгон.

Ооганстанда калган-каткан кыргыздар өз ханын шайлап келишет.​

Жаңы кыргыз ханынын аты Пакистандын мурдагы президенти, андан соң өкмөт башчысы болгон Зулфикар Али Бхутто (19281979) мырзанын тегатынан улам Бутто деп коюлгандыгы тастыкталды. (BCh/TT)​

XS
SM
MD
LG