Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:16

Дзюдочу Нурсултан Сталбек уулу Ысык-Көлдө сууга чөгүп кетти


Нурсултан Сталбек уулу
Нурсултан Сталбек уулу

Чолпон-Ата шаарында дзюдо боюнча спорттун чебери Нурсултан Сталбек уулу сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Дзюдо боюнча федерациясынан кабарлашты.

Мекеме “Фейсбуктагы” баракчасында бүгүн маркумдун жакындарына көңүл айткан билдирүү жарыялады. Окуя 27-июлда болгону кабарланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча спортчу пирстен сууга секирип, буту тырышып, сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар аны суудан алып чыгып, жардам көрсөткөнү менен, өмүрүн сактай алышкан эмес.

24 жаштагы Нурсултан Сталбек уулу Чүй облусунда төрөлгөн. Ал Кыргызстандын чемпиону аталып, эл аралык мелдештерге да катышкан. Ден соолугуна байланыштуу акыркы убактарда спорттон алыстап, ички иштер органдарында эмгектенип жүргөн эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG