Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Боронов ЖЭБдеги химблокту кышка чейин бүтүрүүнү тапшырды


Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБиндеги химиялык блокту көрүүдө. 28-июль, 2018-жыл.
Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБиндеги химиялык блокту көрүүдө. 28-июль, 2018-жыл.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлда энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында Бишкек шаарынын жылуулук электр борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Анда “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ишканасынын жетекчиси Азамат Абдыкадыров ЖЭбде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жана капиталдык курулуштун жүрүшү тууралуу маалымдады. Ал жумуштар график менен жүрүп жатканын билдирди.

Кубатбек Боронов сууну химиялык туздан арылтуучу жаңы цехтин курулушун 2018-жылдын 1-октябрына чейин бүтүрүүнү тапшырды.

“2018-жылдын январында болгон авариянын кайталанышына жол бербөө максатында Бишкек шаарынын ЖЭБ жетекчилиги Кытай компаниясы ишке ашырып жатканына карабастан, химиялык суу тазалоо жаңы цехинин курулуш иштерин аткаруунун жүрүшүнө мониторинг жасашы керек. Алдыдагы жылуулук мезгилине толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек”,-деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Кытай тараптан берилген 386 млн. доллардын 360 миллион 445 миңи Бишкек ЖЭБин модернизациялоого иштетилгени кабарланган. Макулдашууга ылайык, калган 25 миллион 554 миң доллардын 19 миллион 300 миң доллары кемчиликтерди оңдош үчүн кепилдик төлөмү катары көрсөтүлгөн. Ал эми калдыктын 6 миллион долларына жаңы химиялык блок курулмак болгон. Муну да ЖЭБди модернизациялаган Кытайлык ТВЕА компаниясы ишке ашырып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG