Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Каталониянын мурдагы лидери: эгемендик алмайынча күрөш уланат


Карлес Пучдемон.
Карлес Пучдемон.

Каталониянын мурдагы лидери Карлес Пучдемон Бельгияга кайтып келгенден кийин каталон жергесинин Испаниядан бөлүнүшү үчүн күрөштү улантарын билдирди. Бул тууралуу “Associated Press” маалымат агенттиги кабарлады.

Агенттик белгилегендей, кайткандан кийин Пучдемон Брюсселде Испаниядан атайын келген Каталониянын учурдагы өкмөт башчысы Ким Торре менен жолугушуу өткөргөн.

Пучдемон 26-мартта Финляндиядан Бельгияга бараткан жеринен Германия аймагына кирип баратканда кармалган. Ошондон бери Пучдемон Германияда үй камагында жаткан. Былтыр октябрда Испанияга караштуу Каталония автономиясынын эгемендиги боюнча өткөрүлгөн референдумду мыйзамсыз деп санаган Мадрид аны өткөрүп алууга аракеттенип келген.

Немис соту Пучдемонду төңкөрүш үчүн айыптаса Испанияга экстрадициялабай турганын билдирген. Натыйжада Испаниянын Жогорку соту каталон лидери камоо үчүн берген эл аралык ордерин чакыртып алган, бирок койгон айыбынан баш тартышкан эмес. Германиянын соту каталон жикчилдеринин лидери Карлес Пучдемонду 75 миң евро күрөөгө бошоткон.

Октябрь айында каталон парламенти талаштуу референдумдун жыйынтыгын жүйө кармап, Каталониянын эгемендигин жарыялаган. Бул кадамды мыйзамсыз деп эсептеген испан өкмөтү каталон парламентин таратып, жаңы шайлоо жарыялаган болчу. Ошондой эле борбордук бийликтин талаптарына көнбөгөн каталон жетекчилерине кылмыш иши козголгон.​ (ErN)

XS
SM
MD
LG