Египеттин соту “Мусулман агайындар” исламчыл кыймылынын 75 мүчөсүн өлүм жазасына кести. Алардын 41 камакта отурса, 34 адамга өкүм сыртынан чыкты.
Соттун өкүмү Египеттин жогорку муфтийинин бекитүүсүнө жиберилди. Соттолгондордун баары 2013-жылы президент Мухаммед Мурси бийликтен кулагандан кийин полицияга менен кагылышуулар учурунда жасалган кылмыштарга байланыштуу айыпталган.
2013-жылдын август айындагы мыйзамсыз каршылыктарга жана андагы кылмыштарга, анын ичинде киши өлтүрүүгө, талкалоого, талап-тоноого байланштуу жалпысынан 700дөй киши айыпталып келет. Бул иш боюнча келерки соттук отурум 2018-жылдын сентябрь айында болот.
“Amnesty International” эл аралык уюмунун эсебинде Египетте 2013-жылкы башаламандыктардан улам 800дөй демонстрант өлтүрүлгөн. Өлкөнүн бийлиги окуяларда кыркка жакын полиция кызматкери мерт болгонун билдирип, нааразылыкка чыккандардын көбү куралчан болгонун белгилеп келет. (ErN)