АКШнын президенти Дональд Трамптын мурдагы штаб башчысы Пол Манафорттун иши боюнча сотко 35 күбө чакырылат. Алардын аты-жөнүн АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер жарыялады.
Тизмеде Манафорттун бизнес өнөктөшү Ричард Гейтс жана аны менен Украинада иштеген консультант Тэд Дивайн да бар.
Пол Манафорт азыркы мамлекет башчынын шайлоо учурундагы штабын жетектеген. Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген Роберт Мюллер мурдараак ага "чет мамлекеттин агенти катары иштеген" деп айып таккан. Анда прокурор Манафортко "Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин кызыкчылыгын коргогон жана чет жактагы банк эсептери аркылуу мыйзамсыз каржылык операцияларды жүргүзгөн" деп кине койгон.
Атайын прокурор мурдараак сотко келтире турган 500 далилдин тизмесин да жарыялаган. Манафорт өзү бардык дооматтарды четке кагып келет. Анын иши боюнча сот 31-июлга белгиленген.
Америкада 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча буга чейинки айыптоолорду Кремль жана Трамп өзү да четке кагып келишкен. (ErN)