Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:00

Москвадагы кыргызстандыктар Уланбек Эгизбаевди эскеришти


Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы. 29-июль, 2018-жыл.
Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы. 29-июль, 2018-жыл.

29-июлда орус баш калаасында кыргызстандык мигранттар "Азаттык" радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевди эскеришти. Орусияда иштеген мекендештер чогулуп куран окутушуп, маркумга арнап ыр окуп, сүрөтүнө гүл коюшту.

Эскерүүнү Орусияда мигранттардан түптөлгөн “Мен макул эмесмин” элдик кыймылы уюштурган.

“Биз Уланды жүрөгүбүздө сактайбыз. Бул бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң жоготуу. Алыста биз да мүңкүрөп кала бердик. Ата-энесине, туугандарына терең көңүл айтабыз! Сабырдуулук тилейбиз”, - деди кыймылдын активисти Мукарамхан Каратаева.

Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык иретинде түзүлгөн кыймылдын Орусияда миңдеген жактоочулары бар.

"Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болуп, кичи мекени Кочкор районунда жерге берилген.

XS
SM
MD
LG