Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Шаардык сот Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карайт


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бүгүн, 30-июлда саат 10:00дө Бишкек шаардык сотунда мурдагы мэр Албек Ибраимовдун бөгөт чарасы каралат. Бул тууралуу анын жактоочулары кабарлады.

Бир нече кылмыш боюнча шек саналган Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Ошол эле күнү Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, аны 29-августка чейин камакка алган. Ибраимовдун жактоочулары Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Албек Ибраимов учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналууда.

Мындан тышкары ага 23-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинде (“Коррупция”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде жаңы айыбы угузулган. Маалыматка караганда, Ибраимовго бул айып жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууга берүүдөгү коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында тагылды.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG