Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Сот Ибраимовдун бөгөт чарасын карап жатат


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Албек Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шектелүүдө.

Мындан тышкары ага 23-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинде (“Коррупция”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде жаңы айыбы угузулган. Маалыматка ылайык, Ибраимовго бул айып жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууга берүүдөгү коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында коюлду.

Бир нече кылмышка байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов 19-июлда кармалган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG