Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту Ибраимовду тергөө бүткөнчө, 29-августка чейин камакта кармоо жөнүндө чечим чыгарган. Адвокат Сергей Слесарев бул чечимдерге каршы Жогорку сотко арыз жөнөтүлө турганын билдирди. Ал Ибраимовду камакта калтыруу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынып жатканын белгилеп, мындай чечимдер сот бийлигинин аброюн түшүрө турганын белгиледи.
Ушул эле күнү Ибраимовдун 150-200гө чукул тарапкерлери соттун имаратынын алдына чогулушту.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов "“Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналып жатат.
Мындан тышкары ага 23-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинде (“Коррупция”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде жаңы айыбы угузулган. Маалыматка караганда, Ибраимовго бул айып жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууга берүүдөгү коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында коюлду.
Бир нече кылмышка шектелген Ибраимов 19-июлда кармалган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. (КЕ)