Кыргызстандык жеке ишкер, курулушчу Имамидин Ташов "Азаттык" радиосунун кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин артында калган үй-бүлөсүнө батир берерин билдирди. Кайсы жерден жана кандай батир берилери азырынча караштырылып жатканын “Азаттык” менен болгон маегинде ишкер өзү айтты.
- Журналистиканы, акты ак, караны кара деп иликтеген жигитибиз катары анын ишин баалап, ишкердин жарандык милдетин аткарып батир берем деп чечтим. Кайсы жерде бош бүткөн үйлөр бар, болбосо бүтүү астындагы үйлөрдү карап туруп чечим чыгарабыз.
"Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында Ысык-Көлдө каза болуп, кичи мекени Кочкор районунда жерге берилген.
Чет жактарда жашаган кыргызстандыктар дүйнөлүк "gofundme" кайрымдуулук порталы аркылуу журналист Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүн колдоого каражат чогултуп жатышат.
Кыргызстандыктар тарабынан маркумдун үй-бүлөсү үчүн 0771 22 22 41 номурлуу ЭЛСОМ электрондук капчыгына да каражат чогултулууда. (КЕ)