Орусиянын, Ирандын жана Түркиянын расмий өкүлдөрү 30-31-июлда Сочи шаарына чогулуп, Сирия маселесин талкуулаганы жатышат. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жекшембиде билдиргендей, бул жыйындын күн тартибинде Сириянын конституциялык комитетин түзүү, деэскалация зоналарынын абалы жана гуманитардык кырдаал сыяктуу маселелер бар.
ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, орус делегациясын Кремлдин Сирия боюнча атайын чабарманы Александр Лаврентьев жетектейт. Сочидеги сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хоссейн Ансари жана анын түркиялык кызматташы Седат Онал катышат.
Мындан тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура жана Иорданиянын расмий өкүлдөрү да жыйынга байкоочу катары катышканы турушат. АКШнын өкүлдөрү бул жолу Сочиге келбей турган болду.
Орусия менен Иран Сирияда жети жылдан бери токтобой келе жаткан согушта президент Башар Асадды жактаса, Түркия Сириядагы көтөрүлүшчүлөрдү колдойт. Бул үч өлкө былтыртан бери Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келатышат.
29-июлда түрк медиасы кабарлагандай, Түркия 7-сентябрда Стамбулда Франциянын, Германиянын жана Орусиянын катышуусунда Сирия маселесин талкуулаган саммит өткөрүүнү пландап жатат.