Ысык-Көл облусунун Бостери айылында таксист Санкт-Петербург шаарынан келген туристти жана анын жети жаштагы кызын сабаган деп шек саналууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Маалыматка караганда, Орусиядан келген турист 29-июлда такси айдоочуга каршы арыз жазган. Анда Бостериден Чолпон-Атага бараткан турист менен айдоочунун ортосунда пикир келишпестик чыгып, таксист жүргүнчүлөрүн сабап салганы айтылат.
- Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошонун жыйынтыгы менен алардын канчалык жараат алганы белгилүү болот. Алар ооруканага жаткан эмес.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (“Ээнбаштык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Учурда сабады делген айдоочу изделүүдө. (КЕ)