Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Тажикстанда туристтерди машине менен сүзгөн окуя теракт катары каралууда


Дангара районундагы кырсык болгон аймак. 29-июль, 2018-жыл.
Дангара районундагы кырсык болгон аймак. 29-июль, 2018-жыл.

Тажик президенти Эмомали Рахмон жекшемби күнү Дангара районунда чет өлкөлүк туристтердин каза болгонуна байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трампка, Швейцариянын президенти Ален Берсеге жана Нидерланддын падышасы Виллем-Александрга көңүл айтып кат жиберди.

«Биз Тажикстандын аймагындагы жол кырсыгынан велосипед менен бараткан чет өлкөлүк жарандардын каза болушун терең кайгыруу менен кабыл алдык. Өлкөнүн тиешелүү кызматтары бул окуяга күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча бардык чараларды көрүп жатышат», - деп жазылган президенттин 30-июлда жарыяланган телеграммасында.

Рахмон мерт болгондордун жакындарына жана туугандарына да көңүл айтты.

29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Тажикстанды велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткени кабарланган. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгону, дагы үч чет өлкөлүк жаракат алганы белгилүү болгон.

Бирок дүйшөмбү күнү Тажикстандын ички иштер министри автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга кол салганын билдирди.

«Чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү унаадан чыгып, аларга курал жана бычак менен кол салышкан”, - деди министр Рамазон Рахимов.

Анын айтымында, иликтөө бул окуя жол кырсыгы, киши өлтүрүү же теракт болгонун аныкташы керек.

АКШнын Дүшөмбүдөгү элчилигинин басма сөз катчысы Жефф Райденаур да жекшембиде туристтерге кол салуу болгону тууралуу маалыматтар айтылып жатканын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди.

Туристтердин өлүмүнө себепчи болгон айдоочу жана автоунаадагы башка адамдар окуя болгон жерден качып кетишкен. Бирок көп өтпөй 21 жаштагы жигит колго түшүп, анын көрсөтмөсү менен дагы эки киши шектүү катары кармалганы белгилүү болду. Мындан тышкары, коопсуздук күчтөрүнүн кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча атайын операциясында дагы эки киши жок кылынган.

29-июлагы кандуу окуя баш калаа Дүйшөмбүдөн түштүктү көздөй 150 чакырым алыстыктагы Дангара районунда болгон. Үч чет өлкөлүк жаран окуя болгон жерде мүрт кетип, төртүнчүсү ооруканада көз жумган.

XS
SM
MD
LG