Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:08

Мирзиёев тууралуу тасма тартылды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёевдин президенттик иши тууралуу документалдуу тасма жарык көрдү. "Президент мырза" аттуу 34 мүнөттүк тасма Мирзиёев 61 жашка толгон күнү - 24-июлда мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүлдү.

Президенттин басма сөз кызматы даярдаган бул тасмада Мирзиёевден баштап катардагы ар кыл кесип ээлеринин маектери камтылган. Президент Мирзиёев "өлкөдө абал мурдагыдай эмес, мүмкүн болбогон эч нерсе жок", "көз караштар өзгөрдү" деген сыяктуу сөздөрдү айткан. Ошондой эле журналисттер тууралуу сөз козгоп, маалыматтын ачыктыгы маанилүү экенин белгилеген. Өзбекстандын тышкы саясаты боюнча сүйлөп жатып, "ката кетиргенге эч акым жок" деп айткан.

Тасманын бир бөлүгүнөн эски үйлөрдүн ордуна жаңысы салынып жатканын, Мирзиёев абактан чыккан адамдын туугандары менен кездешкенин көрүүгө болот. Документалдуу тасмада мурдагы президент, маркум Ислам Каримов тууралуу сөз болгон эмес.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө, өзгөчө Казакстан менен Түркмөнстанда байма-бай президентти даңазалаган тасмалар тартылып, ырлар чыгарылып келет. Мирзиёев алгач кызматка келгенден көп өтпөй өзбек ырчысы Дилфуза Исмоилова ага арнап ыр чыгарып, анда президентти султанга теңеген болчу. Бирок Өзбекстандын Маданият министрлиги бул ырды "кошоматчылык" деп мүнөздөп, аны аткарууга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG