Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Грузия кара куурайды колдонууну мыйзамдаштырды


Грузиянын Конституциялык соту кара куурай (марихуана) колдонгондорго административдик жаза чегерген жобону алып салды. Натыйжада Грузия мурдагы советтик республикалардын ичинен кара куурайды колдонууну мыйзамдаштырган биринчи өлкөгө айланды.

Төрт судьядан турган коллегиянын 30-июлдагы чечими марихуананы колдонууга гана байланыштуу. Өлкөдө кара куурайды өстүрүү жана сатуу мурдагыдай эле кылмыш деп саналат.

Өкүмдө мариухана чеккен адам үчүнчү тарапка коркунуч келтиргенде гана аны жазалоо Конституцияга ылайык келери белгиленген.

"Арыздануучулардын (Зураб Жапаридзе жана Вахтанг Мегрелишвили) айтымында, марихуананы колдонуу коомго коркунуч жараткан аракет катары саналбайт. Ал чеккен адамдын өзүнүн гана ден соолугуна зыянын тийгизет. Кесепети үчүн аны чеккен адамдын өзү гана жооптуу болот. Мындай кадам үчүн жоопкерчилик коомчулук үчүн коркунучтуу кесепеттерди жаратпайт",-деп билдиришти судьялар.

Жапаридзе соттун чечимин Грузиядагы эркиндиктин жеңиши катары мүнөздөдү.

"Бул кара куурай үчүн күрөш эмес эле. Бул эркиндик үчүн күрөш болчу",-деди ал.

Ноябрь айында Грузиянын Конституциялык соту кара куурайга негизделген маңзаттарды колдонгондорду кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон. Бирок аны чеккендер үчүн айып пул сыяктуу административдик жаза кала берген.

Оппозициядагы "Гирчи" партиясы 2016-жылдан бери марихуананы толук мыйзамдаштыруу аракетин көрүп келет.

XS
SM
MD
LG