Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Президент Бишкек шаардык жана райондук судьяларды дайындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна жана Биринчи май, Свердлов райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлады.

Сотторду тандоо кеңеши президентке Бишкек шаардык сотуна төрт, Биринчи май сотуна эки, Свердлов сотуна эки талапкерди сунуш кылган. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков алардын айрымдары менен маектешип, жети талапкерди жактырган. Ал эми талапкерлер тууралуу ар кандай мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдар изилденип, жыйынтыгында бир талапкер боюнча маалыматтар Сотторду тандоо кеңешине кайтарылып берилди.

Президенттин жарлыгына ылайык, Бишкек шаардык сотуна Азизбек Досмамбетов, Гүлмира Садыкова, Болотбек Сатыбалдиев, Биринчи май райондук сотуна Зарема Бейшеева, Максат Орозбакова, Свердлов райондук сотуна Чынара Асаналиева, Айзада Исаева жиберилди. (TSh)

XS
SM
MD
LG