Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 02:56

Бүгүн Бишкек мэрлигине талапкер тил сынагын тапшырат


Иллюстрациялык сүрөт.

Шаршемби күнү 14:00дө талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында кыргыз тилинен сынак тапшырат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматкери Анарбек Абасбеков маалымдады.

- Сынактын эки шарты бар. Өзүнүн программасын кыргыз тилинде жазып, атайын комиссияга окуп бериши керек. Экинчиси - билет сыяктуу конверттеги чыгармалардын үзүндүсүн окуп, айтып бериши зарыл. Бул жакта балл менен эсептелбейт. Атайын комиссия чечим чыгарат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 26-июлда Бишкек шаарынын мэрин шайлаш үчүн талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо максатында комиссиянын курамын бекиткен.

Азырынча мэрлик кызматка Азиз Суракматов гана талапкер катары арызын тапшырды. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ага альтернатива боло турган талапкерлер көрсөтүлөр-көрсөтүлбөсү азырынча белгисиз. Документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда кечки саат 18:00дө аяктайт. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG