Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30,
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,
Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында 15...20, күндүз 28...33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25 градус болот.
Бишкекте жамгыр жаабайт. Күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 28…30 градуска жетет.