Евробиримдик Орусия менен аннексияланган Крым жарым аралын туташтырган көпүрөнү курган орусиялык алты компанияга каршы санкция киргизди. Айдын башында кабыл алынган чечим тууралуу 31-июлда расмий басылмада жарыяланды.
“Кара тизмеге” кошулган үч компанияга президент Владимир Путиндин жакын адамы, бизнесмен Аркадий Ротенберг ээлик кылат. Буга чейин ишкер өзү шаркеттин санкциялар тизмесине киргизилген.
Санкцияларга туш болгон компаниялар Евробиримдик аймагындагы активдерин пайдалана алышпайт, курулушка катышкан адамдар менен ишкана кызматкерлерине виза берилбейт.
Керч кысыгындагы 19 километрлик көпүрө быйыл майда ачылган.
Евробиримдиктин расмий адамдары Орусия менен аннексияланган жарым арал ортосунда көпүрө куруу Украинанын аймактык бүтүндүгүнө залака тийгизет деп эсептешет.