Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Македонияда өлкө аталышы боюнча референдум 30-сентябрда өтөт


Македония парламенти.
Македония парламенти.

Македониянын парламенти өлкө аталышы боюнча референдумду 30-сентябрда өткөрүү тууралуу сунушту колдоп добуш берди. Элдик добуш берүүгө: “НАТО менен Евробиримдикке мүчө болууга макулсуңарбы? Македония менен Грециянын ортосундагы өлкө аталышы боюнча келишимди колдойсуңарбы?” деген суроолор коюлат.

7-июнда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кол койгон келишимге ылайык, Македония эми Түндүк Македония Республикасы деп аталмакчы. Макулдашуу эки тарапта тең нааразылык жараткан. Македониянын оппозициядагы негизги партиясы өлкө аталышын өзгөртүүгө, референдумга бул маселени НАТО жана Еврошаркетке мүчөлүк менен байланыштырып алып чыгууга каршы болууда.

Грециянын бир чөлкөмү да Македония деп аталгандыктан, Афины келечекте бул аймактык талаш жаратышы мүмкүн деп кошуна өлкөдөн анын аталышын алмаштырууну талап кылып келе жатат.

XS
SM
MD
LG